Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:49

Иштамберди кенин жабууну талап кылган митинг өтүп жатат


Сүрөт социалдык тармактарга коюлган видеодон алынды.
Сүрөт социалдык тармактарга коюлган видеодон алынды.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. Бул маалыматты Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, учурда митингге чыккандар менен өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жолугуп жатат.

Жергиликтүү тургун Бекжан Станбековдун айтымында, митингге чыккан 200-300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылып жатышат.

Ошондой эле чогулгандар бийлик алардын талабын укпай келатканын айтышууда. Сатыбалдиев жолугушууда эртең Бишкектен өкмөт мүчөлөрү менен тиешелүү адистер келип, тургундар менен жолугушарын билдирди.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам иштейт.

11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда "Жи Эл Макмал Девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар нааразылык акциясына чыгышкан. Акция учурунда ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлүп, милиция кызматкерлери сабалганын ИИМ кабарлаган.

Бул боюнча Ички иштер министрлиги “Ээнбаштык" жана "Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" беренелери менен кылмыш ишин козгоп, 15 киши кармалган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG