Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:09

Ысык-Көлдөгү ипподромдун курулушу боюнча кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын материалдарынын негизинде Бостери айыл аймагындагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ипподром менен дене тарбия комплексинин курулушуна байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексиинин 304 (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 306 (“Мамлекеттик сатып алууну өлкөнүн кызыкчылыгына каршы жүргүзүү”) жана 171 (“Ишенип тапшырылган мүлктү ээлеп алуу”) беренелери менен козголду.

Маалыматта айтылгандай, Көчмөндөр оюндарын өткөрүш үчүн сөз болуп жаткан мекемелердин курулушуна Финансы министрлигинен 1 млрд. 584 млн. сом которулган. Эсеп палатасынын текшерүүлөрү мамлекетке 202 млн. 814 миң сом зыян келтирилгенин аныктады. Тергөө иштерин улантуу УКМКнын тиешелүү кызматына тапшырылды.

2014-жылы сентябрда болгон алгачкы Көчмөндөр оюндарын утурлай Чолпон-Атадагы ат майданды куруу иштери ошол жылы июль айында шашылыш башталган. "Убакыт аз" деген негиз менен оңдоп-түзөө иштери долбоорлоо документтерин даярдабай туруп жүргүзүлгөн.​

Натыйжада ипподром быйыл сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүш үчүн оңдолмой болгон. Ат майданды оӊдош үчүн бюджеттен 10 миллион сом бөлүнөт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG