Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Башкы прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартты. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова “Азаттыкка” кабарлады. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматынын өкүлү Жаркынай Азиева адвокаттар көрсөткөн жаңы жагдайлар соттун жүрүшүндө каралганын “Азаттыкка” билдирди:

- Адвокаттар арызда көрсөткөн жагдайлар негиз катары соттун жүрүшүндө каралган. Ошондуктан Кылмыш-процессуалдык кодекстин 384-беренеси боюнча жаңы ачылган жагдайлар катары ишти кайра кароого негиз жок.

Буга чейин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча арызды кароо боюнча тапшырма берилгенин жана ал мыйзамдын негизинде караларын билдирген эле.

"Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга ылайык, анын ишин кайра кароо өтүнүчү менен саясатчынын адвокаттары Башкы прокуратурага 22-майда кайрылышкан. Алар Өмүрбек Текебаевди "Мегаком" чырына байланыштуу айыпка жыгып, "миллион доллар пара алган" деп көрсөтмө берген чет өлкөлүк жарандар Модин менен Маевскийдин көрсөтмөлөрү чындыкка дал келбей тургандыгын тастыктаган документтер бар экенин билдиришүүдө. Токтакунова Башкы прокуратура көрсөткөн негиздерге макул эмес экенин билдирип жатат. Текебаевдин адвокаттары Башкы прокуратуранын чечимин жокко чыгаруу максатында сотко кайрылышат.

21-майда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракцияларынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүп, Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу зарыл экенин айтып чыгышкан.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG