Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

"Кыйноого каршы коалиция" Тунгышбаевдин жагдайына тынчсызданууда


Мурат Тунгышбаев.
Мурат Тунгышбаев.

Адам укуктарын коргогон бир канча уюмдардан куралган "Кыйноого каршы" коалиция Кыргызстанда камакта отурган казакстандык активист, блогер Муратбек Тунгышбаевдин жагдайына тынчсыздануусун билдирди. Анын кармалышын айыптаган коалиция Жогорку сотко кайрылып, мындай окуяларга жол бербөөнү суранды.

Бул коалицияга Кыргызстандын түрдүү аймактарында иштеген жыйырмага жакын уюм кирет.

Казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган Муратбек Тунгышбаев учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат.

Астана блогерди "өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт" деп айыптап жатат. Өзү жана туугандары бул айыпты саясий куугунтук катары баалап, эл аралык уюмдардан жардам сураган.

Башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаанбаева активистти Казакстанга кайтаруу тууралуу токтом чыгарып, бул укук коргоочулардын нааразылыгына себеп болууда. Адвокат токтомго каршы арыз менен сотко кайрылган.

Тунгышбаев Кыргызстандан качкын макамын сураган. Анын арызы каралып жатканын Мамлекеттик миграция кызматы кабарлаган.

Буга чейин акыйкатчы Кубат Оторбаев Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп бербөөгө чакырган. (SE)

XS
SM
MD
LG