Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:53

"Кабар" агенттигинин жетекчиси Интернеттеги сынга жооп берди


Кубан Абдымен.

Улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин жетекчиси Кубан Абдымен аталган интернет-басылманын "кыргызча бөлүмү жоюлуп кетти" деген сөздөр туура эмес экенин айтты. Анын маалыматына караганда, азыр 50дөй кызматкер бар. Негизги кабарчылар маалымат бөлүмүндө иштешет. Ал эми кыргызча жазган эки адам котормо бөлүмүндө иштейт:

- Ошонун айынан алар котормочулар деп аталышат. Чындап келгенде бизде котормочулар да, журналисттер да бар. Сырттан иштегендер да бар болгондуктан, кыргызча иштегендер алты киши десек болот, - деди Кубан Абдымен.

Кийинки күндөрү социалдык тармактарда "Кабар" агенттигинде кыргызча бөлүм жоюлганы айтылып, сын-пикир көбөйгөн.

Агенттик кыргыз, англис, орус, түрк, кытай, араб тилдеринде маалыматтарды таратат. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG