Грек премьер-министри Алексис Ципрас Греция менен Македония мурдагы Югославиянын курамына кирген өлкөнүн аталышы боюнча макулдашууга жетишкенин билдирди.
Эки өлкөнүн талашы 1991-жылы Македония Югославиядан тынч жол менен бөлүнүп чыгып, Македония Республикасы деген аталышка ээ болгондон бери уланып келаткан.
Афины Балкан өлкөсүнө чектеш провинциясы менен жаңы коңшусунун аталышы окшош экенине каршы болгон.
Гректердин каршылыгынан улам Македония Улуттар Уюмуна мурдагы Югославия Республикасы Македония деген аталыш менен кабыл алынган.
Евробиримдик жана НАТОнун мүчөсү Греция ортодогу чырдан улам Македониянын бул эки уюмга киришине вето коюп келген.
Эми эки өлкө Македония деген сөздү камтыган “Жаңы Македония”, “Түндүк Македония” же “Жогорку Македония” деген аталыштардын бирин жактырганы кабарланды. Бирок эки өлкөнүн тең улутчулдары макулдашуунун жетишилгенине каршылык билдирип, нааразылык акцияларына чыгышкан.
6-июнда Грециянын бир катар шаарларында миңдеген адамдар митинг уюштурушса, андан мурун Македониянын оңчулдары Скопьенин көчөлөрүнө чыгышкан.