Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:31

Өкмөттүн отчетун угуу парламент комитетинде талаш жаратты


Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун парламентте сүйлөгөн учурларынын бири.
Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун парламентте сүйлөгөн учурларынын бири.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөт башчынын былтыркы ишин карап, баалоону жалпы жыйынга чыгарууну чечти. 12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчетун укту.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баяндама жасап, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө, укук тартиби жана коопсуздук жаатындагы иштерге токтолду.

2017-жылы өкмөттү азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана "коррупцияга тиешеси бар" деп камалган Сапар Исаков башкарган. Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, быйыл апрелде ал кызматтан кеткен. Андыктан Абылгазиевдин баяндамасын кабыл алуу же албоо маселеси эки анжы ой жаратты. Маселе 14-июндагы жалпы жыйында каралат.

Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамы быйыл 20-апрелде ишке киришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG