Дагестан полициясы экстремизм менен терроризмге байланыштуу айыпталып, мурда соттолгондорду Футбол чемпионаты бүткүчө өлкөдөн чыгарбоого аракет кылып жатат. Мындай маалыматты "Новая газета" жазды. Анда тартип сакчылары эл аралап, мурда соттолгон кишилерден мамлекеттен чыкпай туруу боюнча тилкат алып жатканы айтылат.
10-июндан 10-июлга чейин "үйдө эле болуу" тууралуу тилкаттын нускасы "Телеграм-каналдардын" бирине жарыяланган, бирок булагы көрсөтүлгөн эмес.
Газета андан тышкары полиция кызматкерлери оозеки түшүндүрүү иштерин да жүргүзүп жатканын жазды. Бирок Дагестандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тилкат тууралуу кабарды төгүнгө чыгарууда.
Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр майда Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү жөнүндө жарлык чыгарган.
Орусияда Дүйнөлүк футбол чемпионаты 14-июнда башталып, бир айга созулат. Таймаштар ар кайсы шаарларда өтөт.