Линктер

шаршемби, 18-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:02

Орусиядагы Волга дарыясында адам өмүрүн алган кеме кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.

12-июнга оогон түнү Волга дарыясында жүк ташыган жана сейил кемелери кагыша кетип, 11 адам жашоо менен кош айтышкан. Беш киши куткарылганын "Интерфакс" кабарлады. Сейил кемесинде бараткандар туулган күндү белгилөө максатында чогулган.

ТАСС жана "Интерфакс" агенттиктери жеке булактарына таянып, сейил кемесин Волгоград шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Дмитрий Хахалев башкарып баратканын, кеме ошого таандык экенин жазышты. Ал кырсык учурунда каза тапкан.

XS
SM
MD
LG