Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Өзбекстандын коргоо министри Кыргызстандын аскердик делегациясын кабыл алды

Кыргызстан менен Өзбекстандын желеги.
Кыргызстан менен Өзбекстандын желеги.

12-июнда Өзбекстандын коргоо министри Абдусалом Азизов Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын төрагасы Райымберди Дүйшөнбиев баштаган аскердик делегацияны кабыл алды.

Өзбекстандын маалымат каражаттары кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө коргонуу тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланып, аскердик багытта байланыштарды бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду. Андан тышкары тараптар Борбор Азия аймагында коопсуздукту камсыз кылуу маселесине көңүл бурушту.

Жолугушуунун соңунда 2018-жыл үчүн эки өлкөнүн коргонуу мекемелеринин ортосундагы кызматташтык планына кол коюлду.

XS
SM
MD
LG