Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Украина БУУнун сотуна Орусияга каршы меморандум жөнөттү


Германияда өткөн Украинаны колдоо акциясы. Архивдик сүрөт.
Германияда өткөн Украинаны колдоо акциясы. Архивдик сүрөт.

Украина Орусияга каршы жазылган доо арыздын алкагында БУУнун Эл аралык сотуна кеңейтилген меморандум жөнөттү. Буга чейин Киев Москваны терроризмди каржылоого жана расалык басмырлоого байланыштуу айыптаган.

Президент Петро Порошенко меморандумдун берилиши Орусия күнү белгиленген 12-июнга туура келгенин "өтө символикалуу" деп атады. «Меморандумда соттун практикасы үчүн абдан көп далилдер бар», - деп жазды ал "Фейсбук" баракчасына.

Украинанын тышкы иштер министри Климкин "Твиттер" аркылуу меморандум 29 томдон жана 17,5 миң беттен турарын билдирди.

Украинанын тышкы иштер министринин европалык интеграция маселелери боюнча орун басары Елена Зеркаль "Москва соттун юрисдикциясы боюнча каршылыгын билдирет" деген божомолун айтты. Анын пикиринде, бул иш Эл аралык соттун юрисдикциясына кирер-кирбесин териштириш үчүн бир жарым жыл убакыт талап кылынышы мүмкүн.

Быйыл январда жазган доо арызында Киев Орусияны «терроризмге демөөрчүлүк кылат» деп, аны Донбасстагы жикчилдерди колдоосун токтотууга милдеттендирүүнү талап кылган. Андан тышкары украин тарап Донецк облусунда атып түшүрүлгөн малайзиялык «Боинг» учагы жана Украинанын чыгышында жай адамдарды атканы үчүн Орусиядан компенсация өндүрүүнү өтүнгөн.

19-апрелде БУУнун Эл аралык соту Орусияны крым татарларынын укуктарын кемсинтүүнү токтотууга жана Крымда украин тилинде билим алууну жеткиликтүү кылууга милдеттендирип, Украинанын талаптарын жарым-жартылай канааттандырган. Анда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Эл аралык сот «Крымдын макамы тууралуу» Киевдин билдирүүсүн колдобогонун маанилүү деп эсептей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG