Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Нурланбек Кадыкеев көз жумду. Ал 12-июнга караган түнү Стамбулдагы ооруканада инфаркттан улам жашоо менен кош айтышты. Маалыматты парламенттин басма сөз кызматы ырастады.
Нурланбек Кадыкеев буга чейин Макеев деген фамилияны алып жүрүп, жакында алмаштырган. Ал Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү болгон. (SE)