Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

551 адам Кыргызстандын жарандыгынан баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу жөнүндө төрт жарлыкка кол койду. Анын бири - 551 адамды (анын ичинен 422и чоң кишилер жана 129у балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу жөнүндөгү жарлык. Мындан сырткары, президенттин дагы бир жарлыгы менен жалпысынан 342 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды. Алардын көпчүлүгү -Өзбекстан менен Тажикстандан келген кыргыздар.

Өлкө эгемендик алгандан бери башка өлкөлөрдүн жараны болуп кеткен кыргызстандыктардын саны 50 миңдин тегерегинде. Ошол эле учурда Кыргызстандын да, Орусиянын да паспортуна ээ болуп, мыйзамсыз түрдө кош жарандык менен жүргөндөр да көп экени айтылат.

Баш мыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгаруу жана ага кабыл алуу укугуна мамлекет башчы гана ээ. (КЕ)

XS
SM
MD
LG