Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Арка аймагынан он тоннага жакын дарбызды мыйзамсыз жол менен Кыргызстанга ташып келе жаткан Тажикстандын жараны кармалды.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Тажик жараны жүктү Кыргызстанда сатыш үчүн алып келатканын билдирген. Бирок анда керектүү документтер болгон эмес. Кармалган жаран жана жүк тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди. (КЕ)