Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Караколдо ала качууга каршы жөө жүрүш болду


Жөө жүрүштүн катышуучулары.
Жөө жүрүштүн катышуучулары.

Каракол шаарында жарандык активисттер ала качууга каршы жана Бурулайдын окуясына байланыштуу акцияга чыгышты. Демилгечилердин айтымында отуздан ашык киши Энелер аллеясында чогулуп, шаардын бир нече көчөлөрүн кыдырышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” уюмунун Караколдогу өкүлү Замира Оторбаева билдирди.

- Акциянын максаты - аялдарга карата зомбулукка, ала качууга каршы болуу. Ошондой эле Бурулайдын өлүмүнө көңүл буруу, - деди ал.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине чыгарды.

Буга байланыштуу Бишкек шаарында дагы ар кандай акциялар өтүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG