Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 06:30

Бишкекте эки мектептин окуучуларынын ортосундагы жапырт мушташы алдын-ала токтотулду. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, окуя 12-июнда Кадыр түн тосуп мечиттен чыккан балдардын ортосунда болгон.

- Массалык урушка жеткен жок. Бирок бир-эки баланын ортосунда чыр-чатак чыккан. Жабыркагандар болгон жок. Балдар Кадыр түн тосуп мечиттен чыгып үйүнө кетип баратканда башка мечиттен чыккан башка топко жолугуп, ортосунда чыр чыккан. Күбөлөр ошол учурда милицияга чалышкан.

Окуяга байланыштуу 15 бала милиция бөлумүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштеринен кийин коё берилди. Кармалган балдардын баары 9-11-класстын окуучулары болгон. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG