Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Аба ырайы: Чукул билдирүү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14-15-июнда өлкөдө аба ырайы туруксуз болот. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын арбын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа каттамын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал багууну кыйынчылыкка учуратат. 13-15 июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27;

Бишкекте күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын түнкү температурасы 17…19, күндүзгү температурасы 27…29 болот.

XS
SM
MD
LG