Борбордук Америкадагы Гватемаланын тургундары жана куткаруучулар
жанар тоо атылгандан кийин дайынсыз болгон жакындарын издөөдө. Бирок алардын бирөө-жарымы тирүү табылат деген үмүт өчүп баратат.
Бир жума мурда атылган Фуэго вулканында 110 адам өлгөнү азырынча белгилүү. Дагы 200 адамдын дайыны чыкпай жаткан.
Жанар тоо акыркы 40 жылда болуп көрбөгөндөй күч менен атылган. Бийликтин маалыматына ылайык, үч миңдей киши коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Президент Жимми Моралес табигый кырсыктан жабыркаган аймактарда чукул кырдаал жарыялады.
Испанчадан “От” деп которулган Фуэго - Борбордук Американын бул өлкөсүндөгү эң активдүү жанар тоолордун бири. Вулкан ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги байыркы Антигуа шаарынын жанында жайгашкан. Шаар буга чейин бир нече жолу вулкандардын атылышын баштан кечирген.