Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:01

Жээнбеков: Жарандарга шайлоо мыйзамдарынын өзгөрүшүн мурунтан түшүндүрүш керек


Сооронбай Жээнбеков менен Нуржан Шайлдабекова.
Сооронбай Жээнбеков менен Нуржан Шайлдабекова.

Бул тууралуу 13-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алган учурда билдирди. Жолугушуу жөнүндө президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

"Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү кийинки шайлоого чейин киргизип, жарандарга алдын-ала түшүндүрүү зарыл. Партиялар жана шайлоочулар аны менен таанышып чыгып, шайлоого пландуу даярдана башташы керек”, - деди Жээнбеков.

Президент шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүдө добуш сатып алуу коркунучун азайтып, элдин шайлоого болгон ишенимин жогорулаткан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экенин белгиледи.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун аткарып жатканы иштери тууралуу маалымат берди. Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү долбоору боюнча бардык аймактарда жыйын өтүп, июндун аягына чейин коомдук талкууга даяр болот. (TSh)

XS
SM
MD
LG