Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев шейшембиде абактагы 200дөн ашуун кишиге ырайым берди. Алардын жарымы эркиндикке чыкса, жарымынын жазасы шарттуу болуп өзгөртүлөт. Мирзиёевдин жарлыгы орозо айтка жакын чыкты.
Мунапыс алгандардын арасында 39 чет өлкөлүк жаран жана тыюу салынган уюмдардын 51 мүчөсү бар.
Былтыр декабрда Мирзиёев Өзбекстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына утурлай абактагы 2700 кишине ырайым берген.
Бир аз мурдараак, кадыр түндүн алдында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов да 600 ашуун кишиге ырайым берген.