Социалдык тармактарга Экономика министрлигинин демөөрчүлөрдөн жардам сураган каты жарыяланып, кызуу талкууга жем таштады. Айрым интернет колдонуучулар "өкмөт ишкерлерден акча талап кылып жатышы мүмкүн" деген пикирлерди айтып, сындап жатышат.
Бул кайрылууну Экономика министрлиги ишкерлерге жибергенин тастыктады. Бирок министрлик каалоочулар менен гана Көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча кызматташууга чакырып жатышканын билдирди.
Быйыл Ысык-Көлдө Үчүнчү көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда өтөт. Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн. Анда негизинен ат оюндары, жаа тартуу, куш салуу боюнча мелдештер болуп, дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн келген спортчулар катышкан. (TSh)