Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Жогорку сот Садыр Жапаровго чыккан өкүмдү күчүндө калтырды (видео)


13-июнда Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызы боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов “Азаттыкка” маалымдады.

Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG