Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:49

Жактоочу: Жапаров боюнча Башкы прокуратурага кайрылабыз


Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов камакта отурган саясатчынын кылмыш иштеринин жаңы жагдайлары боюнча Башкы прокуратурага кайрыла турганын маалымдады.

- Жаңы жагдайлар боюнча сөзсүз кайрылабыз. Жаңы жагдайлар бар. Буга чейинки берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, алардын видео тасмалары бар, - деди Токтосунов. Ал Жогорку соттун чыгарган чечимине нааразы экенин кошумчалады.

Бүгүн, 13-июнда Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызын карап чыгып, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG