Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Путин ФИФАны "спортту саясатка аралаштырбаганы" үчүн мактады


Президент Владимир Путин ФИФАнын конгрессинде сүйлөп жатат. 13-июнь, 2018-жыл.
Президент Владимир Путин ФИФАнын конгрессинде сүйлөп жатат. 13-июнь, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышынын алдында өткөн Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) конгрессинде сөз сүйлөп, уюмду “спортту саясаттан бөлүп турганы” үчүн ыраазычылыгын айтты.

Путин Москвада 200дөн ашуун футбол федерацияларынын өкүлдөрү катышкан жыйында сүйлөдү.

“Спортту саясатка аралаштырбай кармаганы үчүн ФИФАнын ордун белгилеп кетким келет” деген Путин “Орусия да бул эрежени дайым колдоорун” кошумчалады.

Эртең Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. 32 күндө 32 команда 11 шаарда беттешет. Мелдештерди өткөрүүгө 11 миллиард доллар сарпталат.

Мындан тышкары, чемпионат Батыш менен Москванын мамилелери чыңалып турган кезде өтүп жатат. Мартта Британияда орусиялык экс-тыңчы ууландырылгандан кийин бир нече өлкө чемпионатка дипломатиялык бойкот жарыялаган.

2022-жылы футбол чемпионаты ноябрь-декабрда Катарда өтөт. 2026-жылы болсо дүйнөлүк мелдештер АКШда, Мексикада жана Канадада уюштурулат.

XS
SM
MD
LG