"ТНК Дастан" ишканасындагы мыйзам бузууга байланыштуу шек саналып жаткан Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка (УКМК) бүгүн сурак берип чыкты.
Факты боюнча 30-майда Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ээлеп алуу жана коротуу") менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн материалдарына ылайык, 2012-жылы “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда буюм сатып алуу үчүн түзүлгөн келишимдин баасы атайылап жогорулатылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Кылмыш иши козголгондон кийин Ибраимов мекеме-ишканаларды текшерүү туура экендигин, чындыкты тергөө аныктаарын билдирген.
Ал сөз болуп жаткан ишкананы 2011-2012-жылдары башкарган. (SE)