Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Орусияга барып, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына катышат. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын бул иш сапары Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ишке ашууда. Андан тышкары, эки өлкөнүн башчылары жолугуп, эки тараптуу кызматташууну да талкуулай турган айтылган.
Футбол майрамынын ачылышы "Лужники" стадионунда болот, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ага 17 өлкөнүн лидери катышарын билдирди.
Ал эми Австралия, Британия, Исландия жана Польша чемпионатты бойкоттоого үндөгөн. Европарламенттин мүчөлөрү да дипломатиялык бойкот жарыяланышы ыктымал экенин билдиришкен.
14-июнда Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталып, бир айга созулат. Төрт жылда бир өтчү чемпионатка 32 өлкөдөн командалар келди. (SE)