Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Темир Сариев: баары жайында, кыжаалат болбогула


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 13-июнда кечке жуук көрсөтмө берип чыккан мурдагы премьер-министр Темир Сариев сурак мыйзам чегинде болгонун билдирди.

Темир Сариев Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылды.

Сариев "Азаттыкка" билдиргендей, экономика министри болуп турган кезде "ЖЭБди оңдоп-түзөөдө тендер өткөрүү керек жана ага чоң тажрыйбасы бар уюмдар гана катышуусу зарыл" деген көз карашты карманганы боюнча көрсөтмө бергенин айтты.

Сурактан чыккан учурда активисттердин социалдык тармактагы түз эфирине да комментарий берген Сариев: "Баары жайында, кыжаалат болбогула" - деди.

Бишкек ЖЭБинде быйыл кышында авария болуп, шаардын эли бир жума бою жылуулуксуз калган. Андан соң бул ишкананы оңдоп-түзөөдө мыйзам бузулган учурлар аныкталып, бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG