Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:48

Грузияда өкмөт башчы Георгий Квирикашвили кызматтан кетти


Грузиянын кызматтан кетип жаткан премьер-министри Георгий Квирикашвили, 26-май, 2018-жыл.

Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили өзү жетектеген кабинет менен чогуу кызматтан кетти. Ал миллиардер Бидзина Иванишвилинин бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы менен «кескин пикир келишпестиктен» улам ушундай чечимге келгенин түшүндүрдү.

13-июнда Квирикашвили атайын маалымат жыйын өткөрдү. 50 жаштагы Квирикашвили грузин өкмөтүн 2015-жылдан бери жетектеп келди.

31-майда Тбилисиде нааразылык митингдери башталды. Буга былтыр декабрда киши колдуу болгон эки өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөдө укук коргоо органдарындагы мыйзам бузуулар түрткү болгон. Митингдер 6-июнда токтоп, бирок полиция демонстранттардын чатырларын чечип, оппозициялык саясатчылар менен алардын талапкерлерин кармай баштаганда 10-11-июнда кайра жанданган.

Квирикашвилинин кабинети жаңы өкмөт куралгыча убактылуу иштеп турат. Грузиянын президенти жети күн ичинде өкмөт башчыга талапкерди көрсөтүп, аны парламенттик көпчүлүк колдошу керек.

XS
SM
MD
LG