Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 14-июнда Москванын "Лужники" стадионунда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатына 17 өлкөнүн лидери катышарын билдирди.
Москвага негизинен Латын Америкасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери келет. Алардын ичинен Сауд Арабиясынын жана Панаманын лидерлери гана мелдештерге күбө болушат.
Сауд Арабиясынан тактынын мураскери, ханзада Салман Ал Сауд келсе, Түндүк Кореянын делегациясын парламент төрагасы Ким Ён Нам баштайт.
Орусияда мелдештер 14-июндан 15-июлга чейин 11 шаарда өтөт. Москва, Санкт-Петербург, Самара, Саранск, Ростов-на-Дону, Сочи, Казан, Калининград, Волгоград, Нижний Новгород жана Екатеринбургда беттеш уюштурулат.
Дүйнө чемпионатын бойкоттоого төрт мамлекет: Австралия, Британия, Исландия жана Польша үндөгөн. Европарламенттин мүчөлөрү да дипломатиялык бойкот жарыяланышы ыктымал экенин билдиришкен.