Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 18:34

Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчетун угат


Жаңы өкмөттүн курамындагылар парламентте ант берип жаткан учур. Апрель, 2018-жыл.

Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары жалпы жыйында өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери тууралуу отчетту угат.

Эл өкүлдөрүнө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келип, баяндама жасайт.

12-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет өкмөттүн былтыркы иштери тууралуу отчетун уккан, бирок аны кабыл алуу маселесинде пикир келишпестик пайда болгон.

Анткени, 2017-жылы премьер-министр болгон Сапар Исаковго быйыл апрелде депутаттар ишенбестик көрсөтүп, ал кызматтан кеткен. Абылгазиевдин отчету негизинен буга чейинки өкмөттүн аткарган жумуштары тууралуу болгондуктан, эки анжы ой жаралып, маселени 14-июндагы жалпы жыйында кароо чечими кабыл алынган.

Абылгазиев баштаган өкмөттүн курамы быйыл 20-апрелде ишке киришкен. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG