Македониянын президенти Георге Иванов өлкөнүн аталышын өзгөртүү боюнча Греция менен макулдашууга кол койбой турганын билдирди. Анын айтымында, бул макулдашуу өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келет:
- Бул менин акыркы чечимим. Мен опузага жана басымга карабай, бул зыяндуу документке кол койбойм, - деди Иванов 13-июндагы басма сөз жыйынында. Ал НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болуунун өзү документке кол коюш үчүн жетишсиз экенин кошумчалады.
Афины менен Скопье 12-июнда жетишкен келишимге ылайык, Македония эми расмий түрдө “Түндүк Македония” деп аталары айтылган. Буга чейин Греция тарыхый талаш-тартыштан улам анын "Македония Республикасы" деген аталышына караманча каршы болуп келген. Анткени Грециянын өзүнүн да Македония деген провинция бар.