Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 12:57

Орусия аннексиялап алган Крымдагы бир канча калктуу конуштарда электр жана мобилдик байланыш 13-июнда үзгүлтүккө учурай баштады. "Крыминформ" агенттиги жарым аралдын дээрлик бардык бөлүгү жарыксыз калганын жазды. Симферополдо жолдо троллейбустар токтоп, тыгын көбөйгөнү кабарланды. Себептери азырынча расмий айтыла элек. ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, буга Краснодар крайындагы электр станциясында чыккан авария себеп болушу ыктымал.

Крымда былтыр жайында да электрге байланыштуу ушундай маселе келип чыккан.

Украинадагы Крым жарым аралын Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Москванын бул кадамын эл аралык коомчулук, айрыкча Батыш өлкөлөрү сындап келет.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG