Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Ошто ар түрдүү диндердин өкүлдөрү ооз ачарга чогулуп жатышат


Дин өкүлдөрүнүн орозодогу жолугушуусунан тартылган сүрөт. Ош, 13-июнь, 2018-жыл.
Дин өкүлдөрүнүн орозодогу жолугушуусунан тартылган сүрөт. Ош, 13-июнь, 2018-жыл.

Ош шаарында орозого байланыштуу түрдүү дин өкүлдөрү он күндөн бери майрамдык дасторконго чогулуп жатышат. Ар түрдүү динди карманган жарандар, ар башка улуттагы кишилер Бабур атындагы өзбек драма театрынын имаратынын алдына кечке жуук ооз ачарга келип, маданий иш-чара өтүүдө.

Чогулгандар алгач ислам дининдеги жөрөлгөлөргө байланыштуу куран окуп, орозо кармагандар ооз ачат. Андан соң классикалык концерт, мода көрсөтүү сыяктуу маданий иш-чараларга кезек берилүүдө. Православ чиркөөсүнүн окуучулары да келип хор ырдап жатышат.

4-июнда башталган иш-чара 14-июнда жыйынтыкталат. Мусулмандардын ыйык орозо айы да ушул күнү аягына чыгып, 15-июнда айт майрамы белгиленет.

Демилге "Умма" журналына, диний ишмер Кадыр Маликовго таандык экенин уюштуруучулардын бири Мукарам Мадаминова "Азаттыкка" билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG