Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Жамангулов: "Мегакомдун" жетекчилери 10-20 миң доллардан айлык алат (видео)


"Мегаком" компаниясы.
"Мегаком" компаниясы.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерине эмненин негизинде көп айлык коюлганына кызыкты.

- "Мегакомдо" иштеген 1500 кишинин орточо айлыгы 66 миң сом экен. Ал эми жетекчилеринин айлыгы 20 миң долларга чейин экен. Кандай көрсөткүчтүн негизинде мындай айлык коюлган? Ишкананын демөөрчүлүк чыгымдары бир жылда 40 млн. сомго жакын экен. Мендеги маалымат боюнча бул акчаны өз айылына, туугандарына жумшайт экен, - деди эл өкүлү.

Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берип, бул маселе жакында чечилерин маалымдады. Кыргызстанда орточо айлык 14-15 миң сомду түзөт.

Парламент бүгүн, 14-июнда өкмөттүн 2017-жылдагы отчетун талкуулап жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG