Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Антарктикада муздун эриши тездеди


Антарктиканын музу. 18-февраль, 2018-жыл.
Антарктиканын музу. 18-февраль, 2018-жыл.

Бул тууралуу окумуштуулардын эл аралык тобунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Алардын иликтөөсү 1992-жылдан бери Антарктикада дээрлик үч триллион тонна муз жоголгонун аныктаган. Ушундан улам дүйнөдө деңиз деңгээли 1990-жылдардын башынан бери бир сантиметрге жакын көтөрүлгөн. Бул өз кезегинде Тынч океандагы аралдардан тартып, АКШнын Флорида штатынын жээгине чейинки аймактарга коркунуч келтирет.

84 окумуштуу жүргүзгөн иликтөөнүн бүтүмдөрү 13-июнда "Nature" журналында жарыяланды. Алар Антарктикадагы муздун абалын жандооч аркылуу чогулган маалыматтардын жана башка ченемдердин негизинде иликтешкен.

Натыйжада алар 1992-2017-жылдар аралыгында 2,7 триллион тонна муз жоголгон, бул деңиз деңгээли 1992-жылдан бери 0,76 сантиметрге жогорулоосуна салым кошкон деген тыянакка келишкен.

“Биз бул жыйынтыкты биздин планетанын ысышын басаңдатуучу аракеттер зарыл экендигинин дагы бир белгиси катары карайбыз”, - деди АКШнын космос агеттиги - НАСАнын муз кыртышына байкоо жүргүзгөн лабораториясындагы окумуштуулардын бири Эрик Риньо. (UE)

XS
SM
MD
LG