Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Помпео: Пхеньян өзөктүк куралдан толук арылмайынча санкциядан жеңилдик берилбейт


Майк Помпео Сеулдагы басма сөз жыйынында. 14-июнь, 2018-жыл.
Майк Помпео Сеулдагы басма сөз жыйынында. 14-июнь, 2018-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бул тууралуу бүгүн Сеулдан билдирди.

Ал бул жакка АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын 12-июндагы жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге маалымат бериш үчүн барган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Сеулдагы басма сөз жыйынында белгилегендей, Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу жараяны “тез” жүрүшү зарыл экенин түшүнөт, бул нерсе “шарттарга” жана “ырааттуулукка” негизделет.

Дональд Трамп жана Ким Чен Ын Сингапурдагы саммитте Түндүк Кореянын “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтуу багытында” иш жүргүзүүгө милдеттенме алганын дагы бир жолу ырастаган билдирүүгө кол коюшкан эле.

Бирок документте Пхеньяндын өзөктүк куралдан баш тартышынын деталдары жана убактысы көргөзүлгөн эмес.

Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы 13-июнда Трамп бул жараянды “баскыч-баскыч” менен жүргүзүүгө көнгөнүн кабарлап, Вашингтон мурдагы турумунан чегинүүгө барарын ишарат кылган.

Бирок мамлекеттик катчы Майк Помпео Сеулда Түндүк Корея өзөктүк куралдан толук арылмайынча санкциялар жоюлбай турганын белгиледи.

“Биз (алар) өзөктүк курал толук арылганына көзүбүз жетсин, ошондон кийин гана санкциялардан жеңилдик берилет”,- деди ал. (UE)

XS
SM
MD
LG