Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Айгүл Текебаева: жаңы бийликке ишенгенбиз


Айгүл Текебаева.
Айгүл Текебаева.

Камакта жаткан саясатчынын аялы Айгүл Текебаева күйөөсүнүн иши Бириккен Улуттук Уюмунда (БУУ) каралып жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, адвокаттар жана "Адилет" укуктук клиникасы саясатчынын иши тууралуу арыз менен эл аралык уюмга кайрылышкан.

Айгүл Текебаева күйөөсү бейкүнөө камакта отурганын кайталап, бул ишти эл аралык коомчулук карап жатканын айтты:

- Өмүрбек ар дайым "убакыт биз тарапта" деп айтат. Чындыкты канча жашырба, эртедир-кечтир ачыкка сөзсүз чыгат. Жаңы бийлик өзүнүн багытын жарыялаганда, күнөөсүз камалгандар боюнча иштер кайра каралаарына эл, анын ичинде биз да ишенип атканбыз. Тилекке каршы, андай болгон жок. Тескерисинче, Башкы прокуратура өз чечими аркылуу элдин ишенимин жокко чыгарды деп эсептейм, - деди Текебаева.

Башкы прокуратура “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тарткан. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясы кайрылуу таратып, "Башкы прокуратура саясатка аралашып, башаламандыкты жактаган жолду улантууда" деп сындап чыккан.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. (TSh/NT)

XS
SM
MD
LG