Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Израилди Палестинанын жайкын тургундарына каршы “ашыкча күч колдонушун” айыптоо менен бирге Газа сектору үчүн “эл аралык коргоо механизмин түзүүгө” да чакырды.
Араб мамлекеттери сунуш кылган резолюция 13-июнда добушка салынганда БУУдагы 193 өлкөнүн 120сы колдоп, сегизи каршы чыкты, 45и арасат добуш берди.
Каршы чыккан сегиз өлкө АКШ, Израил, Австралия, Маршалл аралдары, Микронезия, Науру, Соломон аралдары, Того болду.
Башкы ассамблеядан мурда Израилдин Газадагы аракеттерин айыптаган резолюция Коопсуздук кеңешине сунушталганда ага АКШ вето койгон болчу.
Башкы ассамблеянын резолюциясынын укуктук күчү жок, бирок саясий салмагы бар.
Анда Газа секторунан Израилди карай ракета атылганы да айыпталган, бирок бул аймакты көзөмөлдөгөн исламчыл ХАМАС кыймылы анда көрсөтүлгөн эмес.
АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли Башкы ассамблеянын резолюциясын “ХАМАСтын Газадагы кыянатчылыктарды дайыма баштаган террорчуларын” эске албаганы үчүн “бир тараптуу” деп баалады.
Быйыл 30-марттан бери Газа секторунун Израил менен чек арасындагы нааразылык акцияларынын жана кагылыштардын убагында 120дан ашуун палестиндин өмүрү кыйылган. (UE)