Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Жалпы республикалык тестирлөөдөн 26 миң окуучу жетиштүү упай алды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Билим берүү министрлиги Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүн жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, тест тапшырган 45 607 окуучунун (57%) 26180и 110 упайдан жогору жыйынтыкка жетишти. Быйылкы жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо жыйынтыгы 119,4 упай болгон.

Кыргызстанда жогорку окуу жайларына кирүү баллы 110дон ашкан гана окуучулар тапшыра алышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG