Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Орозо айт майрамында салют атууга тыюу салынды


2016-жылдагы айт күнү тартылган сүрөт.
2016-жылдагы айт күнү тартылган сүрөт.

Орозо айт майрамына байланыштуу Кыргызстанда милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Ички иштер министрлигигин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкө бойлой тогуз миңдей милиционер коопсуздукка көз салат, анын эки миңи Бишкек шаарын көзөмөлдөйт.

Айт намазы баш калаадагы Эски аянтта жана чоң мечиттерде да окулат. Аянтка келгендер атайын жабдууда текшерилгенден кийин гана киргизилет. Курал алып жүрүүгө, тилүүчү, кесүүчү, жарылуучу буюмдар менен намазга барууга, салют, фейерверк атууга тыюу салынат.

Орозо аяктап, айт майрамы белгиленип жаткандыктан Кыргызстанда 15-июнь эс алуу күнү деп жарыяланган. (SE)

XS
SM
MD
LG