Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:09

Бишкекте кымбат көчөттөрдүн айрымдары алмаштырылууда


Чүй көчөсүндөгү көчөттөр.

Бишкектин көчөлөрүнө отургузулган кымбат баалуу бактардын көчөттөрүнүн айрымдары соолуп, алмаштырыла баштады. Түштүк Магистраль, Чүй, Тыныстанов жана Медеров көчөлөрүнө тигилген, даанасы 9000 сомго чейин сатып алынган үч миңдей көчөттүн 2,5 пайызы тамыр жая алган жок.

Мэрияга караштуу “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Болот Абдыжапаров “Азаттыкка” билдиргендей, соолуп, куурай баштаган көчөттөрдүн ордуна жаңылары отургузулуп жатат:

- Жабык тамыр системасында көчөттөр отургузулган кезде аны алып келген “Арт Грин” компаниясы "5-10 пайызы жанданып кете албашы мүмкүн" деп айткан. Ошондон улам келишимде соолуган көчөттөрдү акысыз алмаштырып берүү милдетин алган.

Быйыл апрелде бул ишкана чет жактан жалпысынан 13 миллион 763 миң сомго бак-дарактардын алты түрүн сатып алган. Анын баасы коомчулукта түкшүмөл ойлорду жаратып, талкууга түшкөн.

Андан соң Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет көчөттөрдү сатып алуунун мыйзамдуулугун текшере баштаган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG