Дүйнөнүн футбол боюнча 21-чемпионаты бүгүн Москванын 80 миңдей адам баткан Лужники стадионундагы ачылыш салтанатынан кийин Орусия – Саудия курамаларынын беттеши менен башталды.
Мелдештин алдындагы салтанатта чогулгандарды орус президенти Владимир Путин жана ФИФАнын президенти Жанни Инфантино куттуктады.
“Футболдун күйөрмандары планетада миллиарддап саналат, бардык командаларга ийгилик, күйөрмандарга жакшы таасирлерди каалайм, -деди Путин.
Чемпионат бир айдан ашуун убакытка созулат, финалдык оюн 15-июлга белгиленген. Бул мезгил ичинде чемпионатка катышып жаткан 32 команда 11 шаарда, 12 стадиондо 64 мелдеш өткөрөт.
Расмий маалымат боюнча Орусия чемпионатты тосуу үчүн 13 миллиард доллар сарптады.
Кремлдин билдиргенине караганда, чемпионаттын ачылыш салтанатына 20дай өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчысы катышары күтүлгөн. Алар негизинен КМШ, араб жана Латын Америка өлкөлөрүнүн лидерлери.
Москвага бүгүн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да барып, Путин менен жолукканын президентин басма сөз кызматы кабарлады.
Мурдараак эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму дүйнө лидерлерин бул үчүн Москвага барбоого чыкырып, жүйө катары Орусиянын Сириядагы аскерий аракеттерин келтирген.
Эл аралык Мунапыс уюму болсо 14-июндагы билдирүүсүндө “Орусияда адам укугун коргоого аракеттенгендер такай коркутууларга, куугунтукка, мыйзамсыз камоого, кол салууларга кабыларына” көңүл бурду.
Ал эми АКШнын Контрчалгын жана коопсуздук боюнча улуттук борбору, Британиянын Киберкоопсуздук боюнча улуттук борбор Орусияга келип жаткан футбол күйөрмандарына алардын компьютерлери менен мобилдик телефондору кибертыңчылардын хакерлик чабуулдарына кабылышы мүмкүндүгүн эскертти.
Орусиядан кийин 2022-жылкы чемпионат Катарда, 2026-жылкысы АКШ, Мексика, Канадада өтөт. (UE)