Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Грузиянын өкмөт башчылыгына 36 жаштагы Бахтадзе көрсөтүлдү


Мамука Бахтадзе.
Мамука Бахтадзе.

Буга чейин каржы министринин кызматын аткарып келген Мамука Бахтадзени премьер-министрликке башкаруучу “Грузин кыялы” партиясы көрсөттү. Ал кабарчылар менен маегинде “фундаменталдык жана инновациялык реформаларды, Грузиянын ар бир жаранына сезиле турган жаңы экономикалык моделди жаратууну” убада кылып, “биз грузин элинин Евро-атлантикалык мейкиндикке интеграциялануу боюнча тарыхый тандоосун аягына чыгарабыз”,- деп белгиледи.

36 жаштагы Мамука Бахтадзе эми бир апта ичинде президент Гиорги Маргвелашвилиге өкмөт курамын сунуш кылуусу керек. Президент бир апта ичинде өкмөт курамын парламенттин бекитүүсүнө жөнөтүшү абзел.

Грузиянын премьер-министр катары 2015-жылдын декабрынан бери иштеп келген Гиорги Квирикашвили кызматтан кеткенин 13-июнда жарыялап, мунун себебин бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын лидери, миллиардер Бидзина Иванишвили менен “пикир келишпестикке" байланыштырган.

Грузин премьеринин, анын менен кошо кабинеттин толук курамынын кызматтан кетиши борбор Тбилисини нааразылык толкуну каптагандан кийинки учурга дал келди.

31-майдан бери Тбилисиде утур-утур демонстрация өткөргөндөр былтыр декабрь айында эки өспүрүмдүн киши колдуу болушу адилет иликтенбегенине кыжырданып, жогорку даражалуу бийлик адамдарынын кызматтан кетишин талап кылып жатышкан.

“Грузин кыялы” партиясы 2012-жылдан бери бийликте. Миллиардер Бидзина Иванишвили ошол жылы парламенттик шайлоодо жеңгенден кийин премьер-министр катары бир жыл, бир ай гана иштеген, андан бери эч расмий кызматты ээлебейт. (UE)

XS
SM
MD
LG