Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Футбол: Орусия Саудияны 5:0 эсебинде утту


Орусиянын курама командасы. Москва, 14-июнь, 2018-жыл.
Орусиянын курама командасы. Москва, 14-июнь, 2018-жыл.

Дүйнөнүн футбол боюнча 21-чемпионаты бүгүн Москванын 80 миңдей адам баткан Лужники стадионунда расмий ачылган соң Орусия – Саудия курамаларынын беттеши менен башталды.

Алгачкы оюнду Орусиянын курамасы 5:0 эсебинде утуп алды.

15-июнда эми Египет - Уругвай, Марокко - Иран жана Португалия - Испания курама командалары беттешет.

Чемпионаттын ачылыш салтанатында чогулгандарды орус президенти Владимир Путин жана ФИФАнын президенти Жанни Инфантино куттукташты.

“Футболдун күйөрмандары планетада миллиарддап саналат, бардык командаларга ийгилик, күйөрмандарга жакшы таасирде калышын каалайм", -деди Путин. Орусия менен Саудиянын мелдешине ханзаада Мухаммад бин Салман да күбө болду.

Чемпионат бир айга созулат, финалдык оюн 15-июлга белгиленген. Бул мезгил ичинде чемпионатка катышып жаткан 32 команда 11 шаарда, 12 стадиондо 64 мелдеш өткөрөт.

Расмий маалымат боюнча Орусия чемпионатты тосуу үчүн 13 миллиард доллар сарптады.

Орусиядан кийин 2022-жылкы чемпионат Катарда, 2026-жылкысы АКШ, Мексика, Канадада өтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG