Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:51

Түркмөнстандын улуттук коопсуздук министри кызматтан алынды

Түркмөнстандын желеги.
Түркмөнстандын желеги.

Түркмөнстанда Улуттук коопсуздук министрлигинин башчысы Доврангелди Байрамов кызматтан алынып, полковник чини майор даражасына түшүрүлдү. Бул тууралуу 13-июнда мамлекеттик сыналгыда расмий кабарланды.

Маалыматка караганда, ал быйылкы беш айлыктын жыйынтыгына арналган чогулушта "жумушта кетирген олуттуу кемчиликтери" үчүн кызматтан бошотулган.

30-май күнү Довранов "кадр тандоодогу кемчиликтери үчүн" президент Гурбангулы Бердимухаммедовдон эскертүү алган эле.

Анын ордуна буга чейин коргоо министри болуп иштеген Яйлим Бердиев дайындалды.

XS
SM
MD
LG