Президент Сооронбай Жээнбеков 14-июнда Москвада кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушкан учурда коррупция маселеси көтөрүлдү. Орусиядагы кыргызстандыктар жүз миңдеген жарандар мигрант болуп чет элге кетип калышына бийликтеги жемкорлук негизги себеп болуп жатканын айтышты.
Андан тышкары алар кен иштетүүдө коррупциялык иштер дагы эле токтобой жатканын сынга алып, мигранттарды мекенге кайтып иштөөгө шарт түзүүнү суранышты.
Сооронбай Жээнбеков Орусиядагы кыргызстандыктарга коррупция менен күрөшүүгө бар күчүн жумшай турганын айтып, мигранттар Кыргызстандагы өнүгүүгө зор салым кошуп жатканын белгиледи.
Расмий маалыматтарга ылайык, Орусияда ушул тапта 500 миңден көп, расмий эмес эсепте миллиондон ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт.
Сооронбай Жээнбеков Орусияга 14-июнда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына барган. (SE\LzT)