Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Муфтий укуктарды бузбай жашоого үндөдү


Бишкекте айт намазга келгендер.
Бишкекте айт намазга келгендер.

Бишкекте айт намазын окуш үчүн Эски аянтка 30 миңден ашуун адам чогулду. Бул тууралуу диний иш-чарага баргандар жана журналисттер кабарлашууда. Күбөлөрдүн айтымында, аянтка эл батпай, жолдун четинде да намаз окулду.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев башында турган майрамдык намаз саат 7:30да башталды. Ага чейин дин аалымдарынын баяндары жана куттуктоолору айтылды.

Муфтий элге баян жасап, кечиримдүү болууга, кайрымдуулук иштерди көбүрөөк кылууга үндөп, орозо айындагы бири бирине сый көрсөтүүнү башка айларда деле улантып, адамдардын укугун урматтоого кеңеш берди.

Намазга парламент спикери, Бишкек мэри баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Президенттин куттуктоо сөзүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков окуду.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 14-июнда Орусияга иш сапары менен кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG