Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Чудинов: Мандатымды шашылыш алууга бирөөлөрдүн кызыкчылыгы болду


Игорь Чудинов.
Игорь Чудинов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Игорь Чудинов өзүн мандаттан ажыратуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин “шашылыш чечим” деп атады. Ал ошондой эле ага карата сот өкүмүн мыйзамсыз деп баалады. Бул жөнүндө экс-депутат “Азаттыкка” билдирди.

- БШКнын отурумуна мени да, менин адвокатымды да чакырышкан жок. Мага алардын чечим таптакыр түшүнүксүз болду. Анткени бул маселени кароого БШКга 30 күн берилет. Алар болсо соттун чечимин алган биринчи эле күнү ишти карап, чечим кабыл алып коюшту. Мындай шашылыш чечим кабыл алуу – мени эртерээк парламенттен чыгаруу боюнча бирөөлөрдүн кызыкчылыгы менен түшүндүрүлөт,-деди Чудинов.

БШК кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Игорь Чудиновду соттун чечимине ылайык мандатынан ажыраткан. Анын ордуна “Бир Бол” партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча кийинки кезекте турган Бактыбек Турусбеков келген.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, парламенттин депутатына карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып ал мандатынан ажыратылат.

Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы өкүмү менен депутат Игорь Чудинов Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 5 млн. сом айыпка жыгылган. 2018-жылдын 1-июнунда Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.

"Жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаган" деп айыпталган Самаковду былтыр 19-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган болчу. Аны менен кошо уулу жана төрт санаалашы сегиз жылга кесилген. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге айыппул салынган. (EBM\ErN)

XS
SM
MD
LG