Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Иштамбердиде митингге чыккан 18 адам кармалды


12-июнда Иштамбердиде митингге чыккандар. Сүрөт социалдык тармактарга коюлган видеодон алынган.
12-июнда Иштамбердиде митингге чыккандар. Сүрөт социалдык тармактарга коюлган видеодон алынган.

Ала-Букада Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккан Кызыл-Токой, Терек-Сай айылынын 18 тургунун милиция кармап кетти. Бул тууралуу активисттердин бири Бекжан Стамбеков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, кармалгандар Ички иштер башкармалыгынын облустук башкармалыгына, Жалал-Абад шаарына алынып кетти.

Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы да ырастап, кийинчерээк толук маалымат берилерин билдиришти.

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Чаткал жолундагы Иштамберди кенин иштетүүгө каршы жергиликтүү тургундар 12-июнда митингге чыгышкан. 200-300дөй адам ишкана мыйзамсыз иштеп жатканын белгилеп, экологиялык зыяндарын текшерүүнү жана элге компенсация төлөп берүүнү, зыяндуу заттарды колдонууга тыюу салууну, калдыктарды башка жакка чыгарууну талап кылышкан.

Эртеси, 13-июнда Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Улан Рыскулов, өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ИИМдин орун басары Курсан Асанов жана башкалар барып Иштамберди кенин иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундар менен жолугушкан.

Иштамберди алтын кенин кытайлык инвесторлорго таандык “Фулд Голд Майнинг” фирмасы иштетет жана анда 600дөй адам иштейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG