Беларусь парламентинин Өкүлдөр палатасы бейшемби күнү "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдоду. Долбоор жергиликтүү журналисттер уюмунун, көз каранды эмес медиа өкүлдөрү менен укук коргоочулардын сынына кабылган.
Мыйзамда Интернетте жалган маалымат тараткан адамдардын жоопкерчилиги тууралуу айтылат. Тиешелүү чара социалдык түйүндөрдө комментарий жазгандарга да көрүлүшү мүмкүн. Бийлик ошондой эле "калп маалымат таратып жатат" деп санаган сайттарды жаап салуу укугуна ээ болот. Парламенттин маалымат каражаттары боюнча комитетинин төрайымы Валентина Ражанец “мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун жана жарандардын так, толук маалымат алуу укугун камсыз кылат" деп билдирди.
Документ экинчи окууга жөнөтүлөөрдө жумушчу топ түзүлгөн. Бирок текст дээрлик өзгөрүүсүз калды. Болгону Маалымат министрлигинин интернет-ресурстарды блоктоо тууралуу чечимин сотто талашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө пункт кошулган.